SOFT Sensitive
ИНТИМДИК ГИГИЕНА ГЕЛИ
АЛОЭ ВЕРА жана КАЛЕНДУЛА
СЕЗГИЧ ТЕРИ ҮЧҮН
ӨТӨ ЖУМШАК ТАЗАЛОО ЖАНА НЫМКОО
ТАБИГЫЙ МИКРОФЛОРАНЫ САКТАЙТ
SOFT Sensitive — бул аялдардын күнүмдүк интимдик гигиенасы үчүн назик тазалоочу каражат. Өтө жумшак жана табигый формуласы пайдалуу өсүмдүк экстракттары жана витаминдер менен байытылган, сезгич жана жабыркаган тери үчүн ылайыктуу. Интимдик аймактын ден соолугун жана ыңгайлуулугун сактоого жардам берет, табигый микрофлоранын тең салмагын бузбастан назик тазалайт жана тери кыжырдануусуна алып келбейт. Терини тынчтандырат, майда жаракаларды айыктырууга жардам берет, нымдап жана азыктандырат, кургактык менен ыңгайсыздыкты алдын алат.
Колдонуу ыкмасы: Гелден аз өлчөмдө алып интимдик аймакка сүртүңүз, жеңил массаж кыймылдары менен көбүктөндүрүп, андан кийин жылуу суу менен жакшылап жууп салыңыз. Интимдик гигиенаны сактоо үчүн күн сайын колдонуу сунушталат.
Эскертүү: Сырткы колдонууга гана арналган. Эгерде курамындагы заттарга сезгичтик пайда болсо, колдонуу токтотулсун. Көзгө тийип кетсе, дароо таза суу менен жууңуз. Балдардын жана үй жаныбарларынын колу жетпеген жерде сактаңыз. Түз күн нурунан корголгон салкын жайда, температурасы 5 °Cтен төмөн эмес жана 25 °Cтен жогору эмес шартта сактаңыз.
Курамы/Ingredients: Aqua; Coco-Glucoside; Disodium Lauryl Sulfosuccinate; Glycerin; Cocamidopropyl Betaine; Laureth-7 Citrate; Glyceryl Oleate; Aloe Barbadensis Leaf Juice; Calendula Officinalis Flower Extract; Lactic Acid; D-Panthenol; PEG / PPG-120 / 10 Trimethylolpropane Trioleate; Laureth-2; Panthenol; Tocopherol; Allantoin; Sodium Benzoate; Potassium Sorbate; Sodium Chloride; Parfum/Fragrance.
Жарамдуулук мөөнөтү: Кутуда көрсөтүлгөн өндүрүлгөн күндөн тартып 24 ай.
Таңгак ачылгандан кийин 6 айдын ичинде колдонулушу керек.
Көлөмү: 220 мл